Жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган демилгелүү топтун маалыматы боюнча мындай аталыштагы иш-чара зомбулуксуз дүйнөнүн жарчысы Махатма Гандинин 140 жылдыгына карата уюштурулууда. Иш-чаранын уюштуруучулары геосаясий оюндар, үстөмдүк үчүн күрөш, диний-улуттук араздашуулар, экологиялык, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык мамилелерди чыңдоого жана Жер планетасын сактап калууда биригүүгө мезгил жеткендигин белгилешет. “Зомбулуксуз дүйнөгө чакырык” акциясы 2-октябрда Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде болот.(ZKo)