Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:19

13:00 Клара Кабилова: Максим Бакиев мени коркутуп-кордогону анык


Мындай тастыктоону БШК төрайымы Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирген. Клара Кабилова мындан тышкары Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү тарабынан студент кызына “апаңды таап бересиң” деп кысым болуп жатканын да кайталаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Турсунбек Акун Кабилованын “элчилик кызматкерлери кызыма кысым көрсөттү” деген маалыматын Орусиядагы элчи Райымкул Аттокуров жокко чыгарганын да кошумчалады.
БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев коркутуп-үркүткөнү жана орой сөздөр менен кордогону тууралуу видеокайрылуу аркылуу кабарлап, өмүрүнө коркунучу туулуп жаткандыгына байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондугун билдирген. Аталган видеокайрылуу 26-сентябрда “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрү тарабынан коомчулукка жеткирилген. Максим Бакиев болсо кечээ ВРС маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кабилованын айыптоосун жокко чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG