- Айтыңыз маарек болсун, урматтуу муфтий.
- Рахмат. Бисмиллаахи-рахманир-рахим, урматтуу мусулмандар, баарыңарды бүгүнкү ыйык орозо айт майрамы менен куттуктаймын!
- Адегенде айтсаңыз, орозо айт майрамында окула турган намаз менен курман айт маалында окула турган намаз бири биринен эмнеси менен айырмаланат?
- Булардын бири-биринен эч кандай айырмасы жок. Экөө бир эле намаз. Бирок айт намаз орозо чыккандан кийин, рамазан айы аяктагандан кийинки окула турган намаз. Курман айт - зулхижжа айынын онунчу күнүндө окула турган намаз. Азыр жалпыбыз - момун мусулмандар, кыргызстандыктар ыйык рамазан айы бүтүп, мына азыр айт намазга даярданып турган кезибиз. Бул күн - майрамдык маанайда, шаттуу өткөрө турган күн. Бул күндө кудай таала пенделерге күнөөңөрдү кечирем, тобо кылсаңар, тилек кылсаңар, бата кылсаңар кабыл кылам деген үчүн бүгүнкү күндү майрам күн дейбиз. Бүгүн - анча-мынча урушкандар болсо жарашып, кечиримдүү болуп, кичипейил болуп, жөнөкөй болуп колунда жокторго жардам берип, айт намаз окулганга чейин битир-садагаларды берип, кайрымдуулук кылып, жетим-жесирлерден кабар алып, ошондой эле бул дүнүйөдөн өткөн маркумдарга арнап куран окуп, анан жакшы тилектерди кылып, бири-бирине куттук айтчу күн. Бүгүнкү күндө намазга Кыргызстандын бардык мечиттери даярданып атат. Бишкектеги эски аянтта да айт намазын окуйбуз, кудай буюрса. Мен ушу сиздердин уктуруудан пайдаланып, дагы бир жолу элибизди, мусулмандарды айт майрамы менен куттуктайм. Ылайым ушу айт майрамынын урматында Кыргызстандын элине, жергебизге тынччылык, береке, жакшылык берсин. Кудай ар кандай апаат кырсыктан элибизди сактасын.
- Урматтуу муфтий, айтсаңыз, садага-битирдин баасы кандай болду быйыл? Былтыркыдан өзгөрдүбү?
- Быйыл садага-битирдин баасы 30 сом болду. Аны бүгүн айт намаз окулганга чейин бериши керек.
- Кечигип калгандарга кечирим болобу?
- Эгер кайсы бир адам билбестик кылып, же эстен чыгарып кечигип калса, намаздан кийин берсе болот. Бирок ал садага ордуна, жардам ордуна өтөт. Бирок битир-садага дегенге, көрсөтүлгөн соопко ээ боло албайт. Себеби шарыят өз убагында берүүнү көрсөткөн.
- Анда сизге, рахмат. Дагы бир жолу айтыңыз маарек болсун демекчибиз.