Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев “Азаттыкка” курган маегинде өлкөдөгү ар бир мектептин жетекчилигине бул жаатта катуу талаптар коюлганын билдирди. Окуучулар арасында карама-каршылык, бирине-бири үстөмдүк кылууну болтурбоо максатында ата-энелер чогулушунда, окуучулар жыйынында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жергиликтүү тартип коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылды, дейт Абдрашев. (EBM)