Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

14:35 Ноокатта Орозо айтты майрамдоого жер берилбегенине байланыштуу чатак чыкты


Учурда Ноокатта жүргөн кабарчыбыздан телефон аркылуу алынган маалымат боюнча өздөрүн элдин ичинен чыккан демилгелүү топ деп атаган топ Орозо айт майрамын белгилөөгө райондук администрациянын алдындагы борбордук аянтты сураган. Райондук жетекчилик быйыл Орозо айтты майрамдоо жер-жерлерде өткөрүлөрүн маалымдап, аянтты берүүдөн баш тарткан. Эртең менен аянтта намаз окуй албаган адамдар акимчиликтин имаратын талкалап салышты. Чатак Ош ИИБнын өзгөчө багыттагы отряды барып, кийлигишкенден кийин жөнгө салынды. Ошол жерде жүргөн ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов чатак тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Ноокат районунун акими Абдыганы Алиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул чыр-чактакты райондогу Хизб-ут-Тахрир кыймылынын мүчөлөрү жасаган. Аким бүгүнкү окуяны мамлекеттик бийликке кол салуу катары сыпаттап, бул иш боюнча катуу чаралар көрүлбөсө, мындай окуялар кайталана берүүсү ыктымалдыгын тынчсыздануу менен билдирди. Кабарчыбыз Алишер Токсонбаев ушул тапта демилгелүү топтун мүчөлөрү менен жолугушууга аракет жасоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG