Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

КЫРГЫЗСТАНДА ОРОЗО ЖАШАРЫП БАРАТАТ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Бүгүн өлкөдө Орозо айт майрамы белгиленип жатат. Ислам дининин шарт-талабы боюнча Орозо айт мусулмандар үчүн эң маанилүү майрам. Өлкөнүн бардык аймактарында таң эрте айт намаз окулуп, боорсок бышырылып, адамдар айтташууда. Ал эми жаштардын бул майрамга карата көз карашы кандай? Алар отуз күндүк орозо, Орозо айт майрамы тууралуу эмне билишет?

23 жаштагы Нурсултан бүгүн таң эрте турду. Ал жайнамазын көтөрүп алып, борбордук эски аянтка майрамдык намазга катышуу үчүн келген. Нурсултандын айтымында, Орозо айт майрамы мусулмандар үчүн эң маанилүү майрам жана аны жакшы маанайда тосууга аракет кылуу керек:

- Өзүм эки жылдан бери орозо кармап келем. Бүгүнкү майрам отуз күндүк орозонун жыйынтыгы катар сезилет. Маанай болсо жакшы.

Бүгүн борбордук эски аянтка майрамдык намазга болжол менен 70 миңге чукул киши катышты. Алардын арасында Нурсултан өңдүү жаштар бир топ. Намаздан соң Ала-Тоо аянтында лотерея ойнотулуп, концерт өттү. Бул иш-чараны уюштурган демилгелүү топтун мүчөсү Тайлак Салибаевдин айтымында, акыркы мезгилде намазга жыгылып, орозо кармаган жаштардын саны өсүүдө:

- Жыл өткөн сайын орозонун маани-маңызын түшүнүп, намазга жыгылган жаштардын саны өсүүдө. Азыр бардыгы мусулман экендерин билип, эмнени аткарып, эмнени жасабоо керек экенин түшүнүп калды.

Орозо айт майрамын белгилөө үчүн аянтка келген 18 жаштагы Мээрим үч жылдан бери орозо кармайт. Мына быйыл дагы, өзү айткандай, мусулмандык парздардын бирин аткарган соң, Орозо айт майрамын өзгөчө маанай менен майрамдап жаткан кези:

- Жеке мен бул майрамды бир топтон бери эле майрамдап келе жатам. Бул эң жакшы күн. Ислам боюнча мусулмандар үчүн эки гана майрам бар- курман айт жана орозо айт. Үч күн бою айт майрамы болот, туугандардыкына барып, таарынычтарды кечирип, жакындарга белек-бечкек берип майрамдай турган күн.

Ошентип жаштардын көбү бүгүнкү майрамды белгилешээрин, жакшы тилек менен дасторкон жайып, айтташаарын айтышты. Бирок Орозо айтка анчалык деле маани бербеген жаштар дагы жок эмес. Алардын айрымдары бул майрамды дагы бир эс алуу күнү катары көрсө, бир даары жакындарына айттап барганы менен, майрамдын маанисин анча деле жакшы түшүнө бербейт. Мисалы 20 жаштагы Канат буларды айтат:

- Эми жалпысынан алганда жакшы эле майрам го. Бирок менде майрамдык маанай деле жокко эсе. Мениче мисалы жаңы жыл майрамы кызыктуураак го

Ал эми Канаттын досу Эрландын пикиринде, бул майрамдын эң жакшы жагы-бул күнү арак-шарап ичилбегени:

- Бизде кайсы эле майрам ичкиликсиз өтчү эле. Бул күн болсо ара-шарап такыр ичилбейт. Башкасын айтпайын, ушунусу менен эле бул жакшы майрам деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG