Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 08:11

10:30 Бүгүн Бишкекте “Өзүңдөн башта” деп аталган иш-чара өтөт


“Маданият –дүйнө жарыгы” коомдук уюму тараткан билдирүүдө айтылгандай аталган иш-чара “Демократиянын көчө сабактары” акциясынын алкагында болмокчу. Анда адам укугунун бузулушу жана ага каршы күрөшүү боюнча бир катар маалыматтар берилип, акцияга келген адамдар менен талкуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары “Диктатурадан демократияга” деген аталыштагы орус жана кыргыз тилдеринде жазылган китепче акциянын катышуучуларына, келген кишилерге таратылат. Иш-чаранын максаты жарандык коомго демократиянын сабактарын көчөдөн үйрөтүү болуп эсептелет, билдирүүдө белгиленгендей бул Кыргызстан үчүн жаңылык болуп саналат.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG