Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

НООКАТТА ЖАҢЖАЛ ОТУН ҮЙЛӨГӨНДӨР “ХИЗБУТЧУЛАРБЫ”?


Ноокат районунун борборунда Орозо Айт майрамы чыр-чатак менен коштолду. Мусулмандар майрамын борбордук аянтта белгилөөгө жергиликтүү бийлик тыюу салганына карабай аянтка чогулган миң чакты кишини милиция күчкө салып таркатып кирген. Буга нааразы болгондор каршылык көрсөтүп, акимчиликтин имаратын таш бараңга алып, терезелерин талкалашкан. Жергиликтүү бийлик башчылары бул жаңжалды Хизбут-Тахрир партиясы чыгарды деп, алардын өкүлдөрүн жоопко тартууну максат кылууда.

Ноокат районунун акими Абдыганы Алиев 95 пайызы жалаң өзбек улутунан куралган 100 чакты киши бир апта мурун да, 1-октябрда да саат 10.00 ченде Орозо Айтты борбордук аянтта өткөрүүнү талап кылышкандыгын, бирок өзү баштап мусулмандар майрамын жер-жерлерде өткөрүүнү чечишкендигин түшүндүргөнгө карабастан чогулган топ акимчиликтин имаратын ташбараңга алып, айнек-терезелерин талкалашкандыгын, муну бийликке кол салуу катары эсептей тургандыгын кабарлады.

Окуянын күбөсү болгон ардагер Таштемир Жороевдин баамында, жогорудагыдай жорук былтыр да Орозо Айт маалында болгон. Ошол күнү милиция кызматкерлерин жоон топ ташбараңга алганда райондук жана облустук бийлик көз жуумп койгон. Эми ушундай тирешүүнүн акыры улуттар аралык жаңжалга түртүшү да ыктымал.

Мындай пикирди аким Абдыганы Алиев дагы кубаттап, Орозо Айтты борбордук аянтта майрамдоону талап кылгандарды Хизбут-Тахрир партиясынын өкүлдөрү атайылап уюштургандыгын ачыктады. Аким Ноокаттагы баш-аламандыкты жетектеген Хизбут-Тахрир диний партиясынын лидерлерин аеосуз жазалоо зарылдыгын, антпесе аймактагы кооптуу кырдаал улам курчуй берээрин баса белгиледи.

Нааразылык акциясын уюштургандардын бири Икрамжан Исаков өз кезегинде бийликтин дооматын четке кагып, Ноокат райакимчилигинин алдына чыккан мусулмандар ар улуттун өкүлдөрүнөн тураарын, бири дагы Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик партиясынын мүчөсү эместигин, аларды эч ким көкүтпөгөндүгүн, болгону азыркы бийлик саясатына макул эместигин билдирүү үчүн аянтка чыккан адамдар уруп-согуп таратылганын, бир нече адам жаракат алгандыгын маалымдады.

Соңку маалыматтарга караганда, Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов “Азаттыкка” Ноокатта кырдаал нукка салынгандыгын, бирок акимчиликти таш бараңга алуу фактысы боюнча азырынча эч кимге кылмыш иши козголо электигин билдирди.
XS
SM
MD
LG