Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Мирсаид Миррахимов бүгүн 81 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, академик менен коштошуу зыйнаты жекшемби күнү, 5-октябрда өтөт. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Кардиологиялык илимий-изилдөө институтун, Кардиология борборун түзгөн Мирсаид Мирррахимов 27-мартта 1927-жылы Фрунзе шаарында туулган. Эки кыз, бир уулдун атасы. (KEl)