Өлкө башчысы Курманбек Бакиев ошондой эле Улуттук филармонияда мугалимдер күнүнө карата жолугушуу өткөрөт.Маалыматка караганда президент мугалимдерди кесиптик күнү менен куттуктап, билим берүү тармагына мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан жардамдар тууралуу кеп кылмакчы. Ошол эле учурда билим берүү тармагына мамлекет тарабынан социалдык колдоолор болбогондугунан нааразылык күчөп баратканы коомчулукта байма-бай айтылууда. Буга мисал, жакында өлкөнүн аймагынан мугалимдердин атынан келишкен элүүгө чукул өкүл Жогорку Кеңештин жанында нааразылык билдиришип, Каржы министрлиги эмгек стажысына кошумча каражатты төлөбөй жатканын айтышты. Ат-Башы районундагы айрым мектептерде 6-октябрда иш таштоого барышары кабарланууда. Орто мектептерде мугалимдер жетишпей айлык маянанын аздыгынан билимдүү жаштар башка жумуштарга кетип жатканы, билим берүүнүн деңгээли төмөндөгөнү тууралуу маселе өткөндө парламент жыйынында козголгон. (AJ)