Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:55

КАРДИОЛОГ МИРСАИД МИРРАХИМОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ


Кечээ 2-октябрда 82 жаш курагында Кыргызстандын кардиология илим изилдөө институтунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, илимий ишмер жана Улуттук илимдер академиясынын академиги Мирсаид Миррахимов дүйнөдөн өттү. Миррахимов Кыргызстанда тоолуу физиологияны, тоолуу медицинаны ачуу менен көптөгөн дарыгер-адистерди өстүргөн.

Мирсаид Миррахимов 1948-жылы кыргыз медицина институтун аяктап, 1952-жылы кандидаттык диссертациясын жана 1965-жылы “Тоолуу Борбордук Азиянын акклиматизациясы тууралуу” деген темада докторлугун жактайт. 1958-жылдан кыргыз медицина институтунун факультеттик терапия кафедрасын, ал эми 1977-жылдан кыргыз кардиология илим изилдөө институтун негиздеп жетектеп келди. Миррахимов Кыргызстанда биринчи болуп тоолуу шартта жүрөктүн иштешинин жетишсиздигинин себептерин изилдеген. Андыктан да бул дарт эл арасында жана дарыгерлер чөйрөсүндө “Миррахимовдун дарты” деген аталышка айланып кеткен. Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев Миррахимовдун кыргыз медицина тармагындагы ишмердигин мындайча белгиледи:

- Миррахимов кыргыз медицина тармагында – айрыкча тоолуу шарттагы физиология, тоолуу шарттагы медицина тууралуу биринчилерден болуп изилдеп жазды. Канчалаган медицина адистерин өстүрүп чыгарды. СССРдин илимдер академиясынын академиги. Кыргыз дарыгерлеринен социалисттик эмгектин үч баатыры болсо, ошолордун бири – Мирсаид Миррахимов. Бул киши Кыргызстанда кыргыз кардиология жана терапия институтун негиздеп, жетектеп келген адам. Кардиология илим изилдөө институту Миррахимовдун ысмында.

Мирсаид Миррахимов чоң демилгечи жана коомдук ишмер. Анын демилгеси менен Борбордук Азиянын кардиологдорунун ассоциациясы түзүлгөн. Атактуу дарыгер СССРдин, Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты жана медицина тармагындагы айрым дүйнөлүк сыйлыктардын ээси. Эл аралык “Адам биологиясы”, “Хомерецепторлор” ассоциацияларынын мүчөсү. Миррахимов 700 дөн ашык илимий эмгектерди жарыялады. Анын ичинен 30 эмгек илимий монографиялар жана 19 эмгек өзү ойлоп тапкан илимий эмгектер.

Маркумдун ишмердигин белгилүү кардиохирург, Иса Ахунбаевдин кызы Неля Ахунбаева төмөнкүчө эскерди:

- Миррахимовдун кыргыз медицинасында орду чоң. Мыкты клиницист, кыргыз кардиологиясынын негиздөөчүсү жана чоң илимпоз эле. Ал өзүнүн илимий иштери менен чет өлкөлүк илимпоздордун да көңүлүн бурган. Миррахимов менин атам Иса Ахунбаев менен жакшы кесиптештерден болушкан. Мен маркумдун айрыкча кыргыз кардиологиясына сиңирген эмгегин белгилегим келет. Ал Кыргызстанда гана эмес Борбордук Азияда кардиология жана терапия боюнча сьезддерди, симпозиумдарды өткөрүүнү уюштуруп келди. Миррахимовдун кыргыз медицинасында орду чоң.

Кыргыз өкмөтүнүн ырасмий билдирүүсү боюнча Мирсаид Миррахимовдун сөөгү 5-октябрь, жекшемби күнү Бишкектеи Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG