Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

МАСКӨӨНҮН БОМБАСЫБЫ?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы Боршайкомдун мурдагы төрайымынын айланасындагы чатактуу окуя жөнүндө жазып чыкты. Кайрадан жарык көрө баштаган “Лица” гезитине ушул эле шайлоокомдун мурдагы мүчөсү, “Курманжан датка” кайрымдуулук фонд төрайымы Жылдыз Жолдошева аңгеме куруп, К. Кабилованы буга чейин кызматка ким сүрөп келсе, эми ал президентти кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылганын, Кабилованын артында кандайдыр бир күчтөр турарын, Кабилова менен М. Садыркуловдун мамилеси эң сонун эле болгонун, бүгүн эле ортолорун кайсыл кара мышык аралап кеткенине түшүнөлбай турганын, ал эми А. Мадумаров менен М. Кайыповдун отставкасы да кландар чалып аткан талкандын чалмакейи экенин, президентти барган сайын ага ак кызмат кылып берчү адамдардан ажыратып баратканын, акыркы жылдары айланасындагылар Аскар Акаевди да так ушинтип досу Мисир Ашыркуловдон ажыратканын, бүгүн эң эле коррупцияланган орган сот органдары экенин билдирди.

Гезит аталган окуяга байланыштуу дагы бир макаласын “Маскөөнүн өрдөгү” деп атап, Боршайкомдун мурдагы төрайымынын журналисттер атаган “видео-гейти” бомба катары түшкөн менен бышылдап-ызылдап келип жарылбай калганын, болгону Максимди чиркей чагып алганын, караса ал чиркей Маскөөдөн учуп келгенин, ошентип кыргыздын Жанна Д Аркына айлангысы келген Кабилованын артында хандан-бектен кайра тартпаган бирөөлөр турганы жаш балага да белгилүү болуп калганын, бирок анын аты ФСБ деген үч тамгадан турарын азганакай адамдар гана билишерин, тиришумдуктай саясатташып бүткөн терең акылман кыргыз аудиториясы бул окуянын төркүнү грузин-орус жаңжалынын фонунда Манас-Гансидеги америкалык аскер базасы Путин-Медведовдун жумшак жерине сайылган шибеге болуп келатканын дароо эле байкаганын, демек жакында Бишкекте өтө турган кыргыз президенти менен болучу жолугушуусуна Дмитрий падыша чөнтөгүнө ошол бомбаны ката келерин, улам анысын көрсөтүп коюп, кыйшаңдасаң эле жарыласың деп коркутуп туруп, антитеррордук коалициянын Бишкектен “гуд бай” болушуна жеткиси келерин, мына, бир туугандын атайын кызматтарынын бизге тарткан тузсуз да, мурчсуз да устуканы ушул экенин, албетте ал устуканды дагы жакшылап туздап, мурчтап бышырса болорун, бирок өрдөк учуп келгенге чейин бышыруу керектигин белгилеп, маркум Бадри Патаркацишвили “сийип жибергидей кылыш керек” деген фразаны Путинге Борис Березовский ойлоп таап берген деп айтып калчу эле, кызыгы мына ошол Березовский эми Максим Бакиевге кандай кеңеш берер болду экен деп жазды.

“Агым” гезити Клара Кабиловага байланыштуу чуру-чуунун чын сыры эми чубалганы калганын, Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров 21-сентябрда Кабилова менен кай жерден кантип жолукканы, видеотасмага кандай роль аткартып, кандай сүйлөткөнү, ал видеотасма кандайча болуп Өмүрбек Текебаевдин колуна тийгени, Ишенбай Кадырбеков Кабиловага канча акча бергени, Маскөөдө кимдин “крышасында” жашынып жүргөнү, кыскасы Клара айымга байланыштуу эч ким билбеген маалыматты гезиттин кийинки санында ачыкка чыгарарын убада кылды. Ушул эле гезит кепти дин маселесине буруп, Баткен окуясында сакалчандар “Аллоху Акбар” деп туруп эле чырактай кыргыз жигиттерин атып салганын эске салып, “ Хизб-ут Тахрир” диний саясый партиянын иши Түштүк эле эмес Түндүктө да кенен жайылганын, муну өкмөт азыр колго албаса абал кооптуу болуп баратканын, сакал коюп, ыштан-дамбал кийгендер мурда мечиттерде гана болсо, эми борбордук көчөлөрдө пайда болгонун, Ооганстан дал ушунун айынан оңолбой келатканын, мунун алгачкы белгиси Ноокатта башталганын, ушинтип олтуруп эртең эле Курман айтта Ала-Тоо аянтын бер деп Акүйдү талкалап ийгенден да кайра тартапастыгын, бүгүн бүтүндөй жамаат менен намаз окуу деген жөн эле шылтоо, түпкү максаты башкада экендигин баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити мыйзам чегинде тыйуу салынган мындай диний уюмдун ишинин кулач жайышына жол берген жергиликтүү жетекчилер, алардын ишин көрсө да көрмөксөнгө салып, өз ишине кайдыгер караган райондук күч органдары да тиешелүү жазаларын алууга тийиш деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити окурмандардын көңүлүн “Диверсия-3” деген макалага буруп, кыргыз жери тээ 90-жылдардан кийинки Акаев менен Талгарбековдун жүргүзгөн жер реформасынан кийин Ата Журт болуу касиетинен ажыраганын, Жер же Ата Журт жеке адамдын менчигине айланганын, мунун мисалына Үзөңгү-Кууш менен Каркыра кирерин, ушул жол менен бара берсек эртеби-кечпи анклавдар пайда болорун, кыргыздын Ата Журту ушунтип жеке менчик соода-сатыгына коюлган буюм өндөнүп, таман алдыбыздан Жер көчүп, Ата Журттан айрылып баратканыбызды каңыргы түтөө менен аңгемеледи..

“Ачык саясат” гезити белгилүү саясатчы Т. Тургуналиевдин “Кыргызстан президентке жарыбады” деген интервьюсунун корутунду бөлүгүн тартуу кылды. Кабарчынын “Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу ого бетер орноду дегендин чындыгы барбы?” деген суроосуна саясатчы, “Бар, кыбыр эткендин көбү Бакиевдин колуна, өзгөчө Максимге өтүп атат деп мектеп окуучуларына чейин айтап калды. “Максимди тыйып алыңыз!” деп ыраматылык Жусуп Бакиев экөөбүз тээ 2005-жылдын майында эле айтканбыз. Тыя албады. “Сиз элдин кызыкчылыгын же Максимди тандаңыз” деп Бекен Назаралиев бекеринен К. Бакиевге ачык кат менен кайрылган жок да. БШК башчысы К. Кабилованы Максим эмне кылды. Курманбек эмес, Максим президентпи?” деп айтуу менен, кабарчынын “Эгер өлкө башчысы Курманбек Бакиев 2-жолу президенттик байгеге чыкса канча добуш алат деп ойлойсуз?” дегенине Т. Тургуналиев “Анын азыр кадыр-баркы өтө төмөн. Мүмкүн 20-30 пайыз болсо болор, андан аша албайт, жеңилет” деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG