Линктер

шаршемби, 16-август, 2017 Бишкек убактысы 19:09

17:48 Нарын облусунда жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоодо 69 адам талапкерлигин алып салды


Саясий партиялардан жылдырылган 67 талапкердин он беши депутат болуудан баш тартышкан. Нарын облус алкагынан 8 саясий партия жалпысы 52 талапкерди көрсөтсө, алардын он беши “Социал-демократтар”, он бири «Асаба», ону «Ата мекен» жана алтоо «Ак жол» партияларынан жылдырылган. Кочкор районунан 22 адам партиялар аркылуу талапкер болушса, Ак-Талаа районунан бир дагы талапкер партиядан көрсөтүлгөн эмес. Ал эми 5-октябрда облустагы жалпы 940 мандат үчүн 1772 талапкер ат салышат. Мындай маалыматтар Нарын облустук шайлоо комиссиясынан бүгүн алынды. (KUs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG