Мындай маалыматты аталган партиянын Нарын облусу боюнча төрагасынын милдетин аткаруучу Кубан Боконов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. 17-сентярда Ревкомдун кайрылуусун таркаттыңар деп облустук ички иштер башкармалыгы алып кетип, андан соң Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берген компьютерди кайтарып беришкен. Анын алдында төрт саатка чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бирок айрым каражаттарды кайтарып беришкен эмес. Улуттук коопсуздук комитетинин Нарындагы башкармалыгы өз кезегинде милиция кызматкерлери акт аркылуу өткөрүп алган техникаларды кайтарып беришкен деп маалымдоодо. (JI)
17:56 “Ата мекен” партиясынын Нарын облусундагы штабынан алынган техникалык каражаттар кайтарыла элек