Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

17:58 Жалал-Абат облусунда жергиликтүү кеңештерге сегиз жүздөн ашык талапкер ат салышат


Облустун шайлоо участокторунда 4-октябрдан 7-октябрга чейин электр жарыктары өчүрүлбөй турган болду. Добуш берүү жайларына 91 миңден ашык шайлоо бюллетендери тартип коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен жеткирилди. 800дөн ашык талапкер облустун район-шаар кеңештеринин 341 депутаттык мандаты үчүн ат салышууда. Жалал-Абат шаардык кеңешине талапкер болгондордун арасынан 5 киши шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тартты. Жекшембидеги шайлоого «Эркиндик», «Жаңы Кыргызстан», «Компартия», «Айкөл Манас» партиялары сунуш кылган адамдар менен «Ата Мекен» жана “Ак жол” партияларынын өздөрүн өздөрү көрсөткөн мүчөлөрү катышканы турат. Шайлоо мыйзам бузуусуз өтүүсү үчүн алар өз байкоочуларын участкаларга жиберишмекчи. Мындай маалымат облустук шайлоо комиссиясынан алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG