Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

АКШнын вице-президенттикке талапкерлери кечээ сыналгы таймашта бир жарым саат кайым айтышты


Миссисипи штатынын Сент Луис шаарында обого түз чыккан сыналгы талкууга республикачыл партиядан вице-президенттикке талапкер Сара Пэйлин менен демократ сенатор Жо Байден катышты. Демократ сенатор Барак Обама менен шайлоого тандем түзүп чогуу бараткан Байден каршылаш партиянын президентикке талапкери Жон Маккейндин экономикалык саясатын калпыс деп сынга алды. Маккейндин өнөктөшү Пэйлин айым болсо Обаманын Ирактан аскерлерди чыгарып, Иран менен сүйлөшүүлөргө баруу тууралуу сунушу акылга сыйбай турган иш деп сындады. Бул таймаш – ноябрда өткөрүлө турган шайлоо алдындагы вице-президентикке талапкерлердин ортосундагы жападан-жалгыз бетме-бет сыналгы талкуусу болду.

XS
SM
MD
LG