Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

14:50 Кыргызстандын муфтийи Мураталы Ажы Жуманов бул күндөрү Ноокатта жүрөт


Динди жамынып , өз максатын ишке ашырган бул адамдар мыйзам алдында гана эмес, Алла тааланын алдында да оор кунөө жасашты. Алар сөзсүз түрдө өз жазасын алышы керек. Мындай оюн Кыргызстандын муфтийи Мураталы Ажы Жуманов "Азаттыка" билдирди. Эскерте кетсек, баш аламандыкты уюштуруучулар өздөрүн демилгечи топ деп атап, “Аллах акбар” деп ураан чакырып чыгышкан. Кечээ Ноокатта диний өкүлдөр катышкан жыйында, бул адамдардын иш аракети салттуу диндин жоболоруна таптакыр туура келбей тургандыгы, ислам динин жамынып, башка максаттар менен түзүлгөн уюмдардын иш аракеттери талкууланды. Ажынын айтуусунда, азырынча анда баш аламандыкка катышы бар адамдар туурасында маалымат жок. "Ошондуктан бул жерде кандай күчтөр бар экендиги тууралуу бир нерсе айтуу эрте",- деп билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG