Муну президенттин администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев тастыктады. Суракта Медет Садыркулов БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео-кайрылуусун массалык маалымат каражаттары аркылуу укканын, мунун артында кандайдыр бир саясий топтор турарын, аны президенттин жүргүзүп жаткан саясатын каалабаган адамдардын иш аракети катары бааларын билдирген. Ал ошондой эле видео-кайрылууда анын дарегине айтылган дооматтар негизсиз экендигин белгилеген. Клара Кабилова өзүнүн кайрылуусунда Медет Садыркуловдун “ак-кара кеңсеси” менен иштеше албасын, шайлоо укугу боюнча маселелерде президенттик администрация башчысы менен макул эместигин жана Садыркуловдун бул орунда турууга моралдык акысы жок экенин билдирген.
(AJ)
(AJ)