“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын программалык координатору Медер Талканчиевден телефон аркылуу алынган маалымат боюнча, Бейөкмөт уюмдардын коалициясы, “Таза коом” жана “Интербилим” биргелешкен коомдук уюмдар тарабынан Нарын шаарында - 21, Нарын районунда – 19 жана Кочкор районунда – 7 байкоочу 5-октябрь күнү шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу үчүн жиберилет. Булардан сырткары “Тынчтык” бей өкмөт уюму өз алдынча Нарын районунун аймагындагы шайлоо участкаларга 12 байкоочуну даярдаганын уюмдун лидери Анаркүл Окошева билдирди. KUs)