Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 11:39

13:50 Премьер-министр И.Чудинов добуш берди


Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов Бишкек шаарындагы №1066 шайлоо участкасында добуш берди. Добуш берүү учурунда өкмөт башчы жергиликтүү жана шаардык кеңештердин болочок депутаттары саясат менен алектенбей, конкреттүү маселелерди чечүүлөрү керек деп билдирди. Ал өз округундагы талапкерлердин көбүн билээрин, алардын арасында шаардын келечеги үчүн чындап күйгөндөрү, проблемалар жөн эле чечилип калбасын түшүнгөндөрү бар экенин белгиледи. И.Чудинов ошондой эле талапкерлердин арасында жаштардын көбөйгөнүн жакшы көрүнүш катары баалады. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG