Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ: “ПАРЛАМЕНТТИ ЛЕГИТИМСИЗ ДЕП АЙТУУГА НЕГИЗ ЖОК”


Бүгүн 5-октябрда Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, саат 8.00дө бардык шайлоо участкалары ачылып, добуш берүү башталды. Ал арада президент К.Бакиев №1157 шайлоо участкасында добуш берип, БШКнын мурдагы төрайымы К.Кабилованын отставкасы, парламенттин легитимдүүлүгү тууралуу пикирин билдирди.

Бүгүн - 5-октябрда саат 10.00дө мамлекет башчысы Курманбек Бакиев №1157 шайлоо участкасында добуш берип, бул саясий өнөктүктүн акыйкат жана таза өтөөрүнө ишенем, деп билдирди. “Жаңыдан шайланган шаардык кеңеш Бишкекке жана шаардыктарга кызмат кылышы керек”, деген оюн айтты журналисттерге Курманбек Бакиев.

Президент БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын аудио билдирүүсүнө байланыштуу да пикирин билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, К.Кабилованын кетиши ал үчүн күтүүсүз болду.

К.Бакиевдин айтымында, К.Кабилова Минск шаарына кетерден бир күн мурда Президенттин кабыл алуусуна жазылып, бирок ооруп жатам деген себеп менен кабыл алууга келген эмес.

“Ал киши азыр бул жерде болуп, абалды өзү түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Менимче, бул жерде кимдир-бирөөлөрдүн оюну болуп жатат. Биздин кээ бир саясатчылар эч зериктирбей турат эмеспи. Балким, алар жергиликтүү кеңешке шайлоолордун алдында коомчулукту дүрбөтүп туруу үчүн ушундай оюндарды ойлоп тапкан болушу мүмкүн”, - деди К.Бакиев.

25-сентябрда оппозиция БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилованын аудио билдирүүсүн тараткан. Анда К.Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан бул шайлоонун алкагында кодуланып, коркутулганын айткан. Башкы прокуратура бул кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоп, Максим Бакиевден, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдон, экс-депутат Темир Сариевден, укук коргоочу Чолпон Жакуповадан көрсөтмө алды. Ал эми парламенттин 3 депутаты - Р.Отунбаева, Б.Бешимов жана И.Өмуркулов "Депутаттын макамы тууралуу" мыйзамга каршы келет деп Башкы прокуратурага барып көрсөтмө бергенден баш тартышкан. 6-октябрда "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев башкы прокуратурага барат.

К.Кабилованын болсо кайда экени азырынча белгисиз.

Айрым эксперттер К.Кабилованын отставкасы К.Бакиевге жакын турган таасирлүү бир топтун экинчи бир саясий топту алсыратуу максатында жасалды деп болжошкон эле.

К.Кабилованын отставкасы мамлекет башчысынын тегерегиндеги саясий топтордун президентке таасир этүү үчүн күрөшү эмеспи деген суроого, К.Бакиев президентке таасир этүүгө аракет кылуунун эч кандай мааниси жок, деп жооп берди. “Менин чечимдериме таасир этүү кыйын. Албетте, мен бардык тараптын пикирин угам, бирок акыркы чечимди өзүм кабыл алам. Эгерде, кимдир бирөө менин чечимимди өзгөрткөнгө аракет кылып, басым жасоо жолдорун издегенин сезип калсам, ал кишинин ойлогону ишке ашпай калат жана анын өзү оңтойсуз абалда калышы мүмкүн. Мамлекет башчысы кимдин болбосун таасирине баш ийип калбашы керек. Мамлекет башчысы Конституция менен мыйзамдарды негиз тутуп, адилет чечим кабыл алышы керек”, - деди К.Бакиев.

Журналисттердин эгер К.Кабилова азыркы Жогорку Кеңеш мыйзам бузуулар аркылуу шайланган деп билдирсе мындан ары кандай болот, деген суроолоруна президент 2006-жылдын декабрында шайланган парламентти легитимсиз деп айтууга эч кандай негиз жок, деп билдирди. "Биздеги шайлоолор мыйзамдын негизинде, бир канчалаган байкоочулардын катышуусунда өтүп келатат", деди ал.

Бул жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 15 миң 139 талапкер ат салышууда. Эң көп талапкерлер Бишкек шаарында катталган. Бишкек шаардык кеңештеги депутаттык 44 орунга 357 талапкер ат салышууда. БШКнын маалымдашынча, Кыргызстан боюнча эки жарым миллиондон ашуун шайлоочу катталган.(КО)

XS
SM
MD
LG