Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

14:15 А. Абдырасулова: Округдук шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктарын түз БШКга жөнөтүшү керек


Мындай пикирин “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочунун айтымында, такталбаган маалыматтар боюнча округдук шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктарын алгач райондук администрацияларга алып келип, анан БШКга алпаргыла деген көрсөтмө түшкөн. “Мындай көрүнүш шайлоо кодексине карама-каршы келет.Биз шайлоо жыйынтыктарынын округдарда кабыл алынышына көзөмөл жүргүзүп жатабыз жана өзүбүздүн бир өкүлүбүздү БШКга жөнөттүк”,-дейт Азиза Абдырасулова.Учурда алты өкмөттүк эмес уюмдан турган жарандык союздун байкоочулары Бишкектин аймагындагы 11 округдук комиссияда көзөмөл жүргүзүүдө.Укук коргоочунун мындай билдирүүсү боюнча БШКсы маалым эместигин, учурда шайлоочулардын тизмеси боюнча гана арыздар түшүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG