Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди күткөн жүздөгөн жаш спортсмендер, окуучулар, студенттер жолугушчу жайга алда канча убакыт эрте келип, спортсмендерди чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Күрөш менен машыккан 11 жаштагы Бектур дагы өзүнүн спорттук формасын кийип Канат менен Русланды жанынан көрүп, ыңгайы келсе спорттогу ийгиликтердин сырын да сурап алууга маашырланып жатты.
-Атым Бектур, 11 жаштамын. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди чыдамсыздык менен күтүп жатам. Мен дагы чоңойгондо ушулардай болуп олимпиадага барып, чемпион болгум келет.
Бектур сыяктуу жүздөгөн жаштарды көп күттүрбөй Канат Бегалиев да келип, аны менен бирге депутат Орзубек Назаров, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиктин төрагасы Александр Воинов келип, акыркы үч жыл ичиндеги спорттогу жетишкендиктерге кеңири токтолушту. Конокторго гүл бермей, калпак кийгизмей, белек бермей узакка созулуп, көп жаштардын Канатбеке суроо берип жооп алайын деген ойлору ишке ашпады. Жалпы жаштардын атынан суроо берүүгө мүмкүнчүлүк алган Шайлообек аттуу мырза буларга токтолду.
- Ушул жүрүшүнүңздөрдү Чон-Алайга, Советке, Өзгөнгө жана башка көптөгөн райондорго жасасаңыздар жакшы болмок. Себеби, чыныгы таланттуу спортсмендер булактын таза суусун ичип айылда жүрүшөт. Анан, Канатбек агай сиз кийинки өтчү олимпиадага да катышасызбы?
Бул суроого Канат Бегалиев мындайча жооп узатты:
-Кийинки өтчү олимпиадага кудай буюрса жакшы максаттарды коюп жатабыз. Ага чейин да көптөгөн сынактар, машыгуулар болот. Буюрса спортсмен досторума, инилериме да эмнени билсем ошону үйрөтүп, Лондонго кошо алып кетүүгө болгон күч аракетимди жасайм,- деди Канат Бегалиев.
Олимпиада жеңүүчүлөрү менен жети облустун жаштарын жолугуштуруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиктин төрага орун басары Алмаз Касенов бардык облустарда жолугушуулар жогорку деңгээлде болуп жатканына токтолду.
-Биздин максат Кыргызстандын бүт облустарында болуу. Биринчи Нарындан баштап, Чүй, Нарын, Жалалабат облустарында болдук. Бүгүн Ош шаарынан кийин, Баткен жана Талас облустары менен жолугушабыз, анан жүрүшүбүз аяктайт.
Ал эми жакында эле жол кырсыгына кабылган Руслан Түмөнбаев тууралуу Касенов буларды айтты.
-Руслан башынан бир аз жарат алып, азыр ооруканада дарыланууда. Ага машыктыруучубуз Эмил Алыкуловдун да ошол жол кырсыгында эки кабыргасы сынып кеткени аныкталды. Буюрса Руслан айыккандан соң эл-жерин бир сыйра кыдырып чыгат деген ойдомун.