Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

АКАДЕМИК МИРРАХИМОВ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Бүгүн Улуттук опера жана балет театрында кыргыз коомчулугу атактуу дарыгер Мирсаид Миррахимов менен кош айтышты. Коштошууга арналган аза күтүү жыйынында чыгып сүйлөгөндөр Мирсаид Миррахимовдун кыргыз саламаттык сактоо тармагына, кыргыз мамлекетине жана дүйнөлүк медицинага кошкон салымын белгилешти. Миррахимовдун сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду.

Мирсаид Миррахимовдун демилгеси менен ачылган кардиологиялык борбор белгилүү коомдук саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин айтымында – канчалаган адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына өбөлгө болду:

-Кыргызстандыктардын эсинде – 70-жылдары кыргыз өкмөтүнүн жетекчилигине профессор Миррахимов – Кыргызстандын тоолуу шартында миндеген адамдар жүрөк дарты менен оорушарын, анүчүн кардиолог-адистерди даярдоо керектигин жана республикада кардиологиялык борборду ачуу зарылдыгын айтып бир канча ирет кайрылган. Бул анын кыргыз мамлекетине, элине болгон патриоттулугу болчу.

Кыргызстандын саламаттык сактоосунун мурдагы министрлеринин бири Бекмурза Исмаиловдин пикиринде, «Миррахимов кудайдын бейишине барчу адам. Себеби бул адам өтө кичипейил, адамкерчиликтүү киши болчу...Беш млн калкы бар Кыргызстандын жок дегенде бир миллиону Миррахимовдун колунан өттү ...

Кыргыз Улуттук хирургия борборунун директору академик Мамбет Мамакеев Миррахимовду узатуу митингинде – Миррахимов өңдүү эл-жерге эмгеги сиңген улгайып калган инсандарды жетекчилик, жалпы эле коомчулук “урматтаса”, “аяса” деген оюн билдирди:

-Мына ушундай улгайып калган улуу инсандарды жетекчилик болобу, үйбүлөсү болобу, бирге иштеген коллективи болобу “аяса” деген кеңешимди айткым келди сиздерге. Өзүнө карата айтып жатат деп ойлобоңуздар.

Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов Миррахимовдун 70-жылдарда кардиолоиялык борборду ачуу демилгеси кийин кандай акыбетин бергенин статистикалык маалыматтар менен келтирди:


-Биз бүгүн дүйнөлүк атагы бар чоң дарыгер инсан менен коштошуп жатабыз. 70-жылдары Кыргызстанда Миррахимовдун талыкпаган аракети менен түзүлгөн кардиологиялык кызматтан улам – 50-60-жылдары күчөп кеткен инфаркт-миокарда үч эсеге же болбосо 60 пайыздан 20 пайызга төмөндөгөн. Жүрөк-кан тамыр дартынан улам майыптыкка кабылуу 18 пайызга түшкөн. Калк ичинде пеницилин менен профилактикалоону ишке ашыруудан жүрөктүн ревматикалык кемтиги 0 пайызга төмөндөгөн.

Узатуу митингинде чыгып сөз сүйлөгөн Казакстан президентинин алдындагы медициналык борбордун жетекчиси Алихан Жусепов - Миррахимовдун кыргыз кардиолог адистерин тарбиялоодон сырткары Казакстандын, Борбордук Азиянын да кардиологдорун өстүрүп чыгаруудагы эмгегин белгиледи.

XS
SM
MD
LG