Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Президенттикке талапкер Б. Обама атаандашы Ж. МакКейндин шайлоо өнөктүгүн айыптады


Барак Обаманын билдиргенине караганда, Жон МакКейндин шайлоо өнөктүгүндө ага сокку уруу үчүн "маңызы жок" айыптар колдонулууда. Муну менен Обама республикачылардан вице-президенттикке талапкери Сара Пэйлиндин билдирүүсүнө жооп берди. Пэйлин Обаманы өзү атагандай, "террорчулар" менен байланышта турганы үчүн айыптаган эле. Мында республикачылардын вице-президенттикке талапкери, алардын атаандашы Обама АКШда 60-жылдары жайгашкан согушкерлердин тобунун мурдагы мүчөлөрү менен байланышта турганын айткан. Ал топ кезинде АКШнын Вьетнам согушуна аралашканына каршы бир нече кол салууларды жасаган. Обаманын айтымында, республикачылар шайлоочуларды реалдуу маселелерден алагды кылууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG