Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, айылдагы жүз элүүгө чукул үйдүн жүз жыйырма сегизи кыйрап калган. Элүүдөй адам жаракат алган. Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баш болгон куткаруучулар жана облустун губернатору Аалы Карашев кырсык болгон жерде. Кечээ саат 22:53 Алай районундагы Сары таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылында жер титирөөнүн күчү 8 баллга жеткен. (AJ)