Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

12:25 ИИМ: Р. Шаботоевдин жоголгонуна байланыштуу Кубат Кыдыралиев көрсөтмө берген


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче Байланыш боюнча улуттук агенттиктин деректири Кубат Кыдыралиев менен депутат Руслан Шаботоев 1-октябрда кечинде шаардагы кафелердин биринде чогуу болушкан. Шаботоевди кимдир-бирөөлөр чакырып кеткен тейден кайрылып келген эмес, Кыдыралиевдер күтүп отуруп тарап кетишкен. Р. Шаботоевдин аялы аны 30-сентябрь түнү чыгып кеткен бойдон кайрылбаганын билдирген, ал эми Кыдыралиев 1-октябрь кечинде Шабатоев менен жолукканын айтып көрсөтмө берген. Ушундан улам бул фактылар такталып жатат, дейт Б. Сейитов. Ал ИИМдин кызматкерлери депутаттын жоголушуна байланыштуу болгон чукул аракеттерди көрүп жатканын, издөөнүн жүрүшүнө байланыштуу айрым оперативдүү маалыматтар азырынча ачыкталбастыгын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG