Бул тууралуу айылдын тургуну Кубанычбек Мураталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Саадатбек Акматов шайлоого талапкер өзүнүн жакындарына жана тааныштарына таңгактап бүллетен салдырткан. Айылда 1600 шайлоочу бар. Учурда бул маселе райондук шайлоо комиссиясында каралууда, дейт Мураталиев. (AJ)