Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

18:40 Кыргыз мектептеринде билимдин сапатын жогорулатуу боюнча ири долбоор ишке кирет


Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай эртең министр Ишенгүл Болжурова ЮСАИД өкүлдөрү менен мектептердеги билим берүү боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коет. Ага ылайык “Сапаттуу билим” деп аталган ири долбоор иштей баштамакчы. Долбоор негизинен мамлекеттин билим берүү саясатына колдоо көрсөтүүгө багытталат. Окуучуларды жана окутуунун сапатын баалоодо замантөп методологияны кеңири колдонуу менен окуу пландарын жана билим берүү саясатын иштеп чыгуу жараянына мугалимдердин өздөрүн катыштыруу, мугалимдердин жетишсиздиги өңдүү маселени жоюда кыргыз өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун көбөйтүү каралган. Мектептерди башкарууда ачык-айкын каржылоо системасын колдонуга артыкчылык берилген. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) каржылап жаткан бул долбоор жалпысынан Кыргызстан, Тажикстан жана Түрмөнстандагы сапаттуу базалык билим алууну жакшыртууну көздөйт. Кыргызстандагы долбоор жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун айтымында бул иш-аракеттердин алкагында биринчи кезекте алыскы айылдардагы мүмкүнчүлүктөрү тар бирок мүдөөсү күчтүү мектептер колдоого алынмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG