Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова эртең №29 мектеп гимназияга барып, учак кырсыгында каза болгон окуучулардын ата-энелери менен жолугуп, акчалай көмөк көрсөтөт. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти. 24-августта Бишкектен Тегеранды көздөй учуп бараткан учак борбор шаардын көп узабай кыйрап, алтымыштан ашык адамдын өмүрү кыйылган. Арасында №29 мектептин баскетбол боюнча командасынын мүчөлөрү бар болчу. (EBM)
19:00 Билим министрлиги авиакырсыктан каза болгон окуучулардын үй-бүлөлөрүнө жардам берет