Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Паязов Абдысаматтан алынган соңку маалымат боюнча түндөгү жер титирөөдөн жетимиш эки адам каза тапкандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары 50 чакты адам ар кандай жаракат алып, алардын бардыгы бүгүн райондун жана облустун борборундагы ооруканаларга жеткирилди.
Кырсык болгон жерде тирүү калган адамдарды сактап калуу боюнча Чукул кырдаал министрлигине караштуу отуз куткаруучу иштеп жатат. Нура айылында 700 үйдүн 120 үй кыйрагандыгы анык болду. Кырсыктан жапа чеккендерге азыр жүздөй бут кийим, 200 чакты тыш кийим, балдарга 300 чактыдай кийим-кече, 200 одеял, мындан тышкары 50дөй чатырча жеткирилген.
Бул жакка “Кызыл жарым ай” коомунун жардамчылары да жетип барышып, жардам көрсөтүп баштаптыр.
Кабарчыбыздын маалыматы боюнча Алай районунда Нурадан башка айылдар катуу жабыркаган эмес. Кээ бир айылдарда жарака кеткен үйлөр бар экендиги айтылууда, азыр ал маалыматтар такталууда.