Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

ЖАБЫРКАГАНДАРГА ТӨРТ ТИК УЧАК ЖАРДАМГА БАРДЫ


Алайдагы жер титирөө болгон аймактагы соңку кырдаал жөнүндө Чукул кырдаалдар министрлигинин нөөмөт кызматынын жооптуу өкүлү Рамис Сатыбеков “Азаттыкка” маалымат берди.

-Ушул саатта канча киши набыт болду, канчасы жарадар?

- Күндүзгү саат бирге бизге акыркы маалымат беришти, бул азырынча алдын ала берилген маалымат боюнча 70 киши каза болду, 50 киши жаракат алган. Азырынча изилдөө иштери жүрүп атат, бүтө элек. Азыр акыркы маалымат келди, биз 4 вертолет менен гумжардам алып барганбыз. Бир вертолет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, 3 вертолет Коргоо министирлигинен барды. Гумжардам алып барып, кайра келип азыр жаракат алган 40 адамды алып келишти. Бул эң оору кишилер, азыр облустук ооруканага алып барышат.

- Урандылардын алдында дагы адамдар бар болушу мүмкүнбү?

- Менин оюмча бар болушу мүмкүн. Себеби биз кечээ маалымат алганда, айыл боюнча 900дөн ашык адам жашайт деп берген.

- Жакындарынын абалы жөнүндө билгилери келгендер болсо кайсы жакка кайрылыш керек, телефондор бар болсо айтып коесузбу?

- Биздин телефондор бар: 2-18-44, 5-60-77 – (Ош шаарындагы) бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү кызмат телефондору, бул жерде күнү-түнү дежур кызматкерлер отурат, ошол жакка кайрылышса болот.

- Майда силкинүүлөр болуп жатат деген кабарлар пайда болуп жатат, ири жер титирөө кайталанат деген кооп барбы?

- Кечээ, бүгүн дагы телефон конгуроолор болуп суроолор келди. 2007-жылдан баштап 2010-11-жылга чейин ушундай прогноз болгон. Бирок кайсы күнү кайсы маалда катуу жер титирөө болот, мен айта албайм. Бирок прогноз бар.

- Андай болсо элди көчүрүүнүн кажети жокпу?

- Менин оюмча, муну өкмөттүн комиссиясын түзүлсө, ошолор карашы мүмкүн.

- Алайда азыр аба ырайы кандай болууда?

- Аба ырайы азырынча жакшы эле.

- Рамис мырза, бул табигый кырсыкты кайсы жер титирөө менен салыштырса болот күчү жана алып келген зыяны жагынан?

- Буга чейин мен биле элек элем ушунча адам каза болгонун. Өткөндө учак кыйраганда 65 киши каза болгон.

- Сизге рахмат.

Айнура Жекше кызы маектешти

XS
SM
MD
LG