Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

07:25 Жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондор боюнча Кыргызстанда бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды


Президент Курманбек Бакиев кечээ кол койгон жарлыкка ылайык, курман болгондорго аза күтүп, алардын тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен тиешелүү кызматтарга зарыл болгон иш-чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнө курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө белгиленген тартипте жардам көрсөтүүнү, бөөдө кырсыктын кесепетин жоюу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырууга токтом кылынды. Мындан тышкары мамлекет башчы жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүү максатында президенттин резервдик фондусунан эки миллион сом бөлүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан кабарлашты.(MSu)

XS
SM
MD
LG