Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Каржы капсалаңы дүйнөлүк каржы базарларын кескин алсыратып, АКШнын куткаруу планы текке кетеби деген шектенүүлөр жаралууда


Акыркы күндөрү дүйнө жүзү боюнча дээрлик бардык ири каржы базарларында акциялардын наркы кескин төмөндөдү. Маселен айрым каржы базарларында баанын төмөндөшү мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткүчкө жеткен. Мындай көрүнүш АКШнын каржы алааматын жөнгө салүүга атайын кескин чаралар көрүлгөндүгүнө карабастан күч алууда. Ал ортодо АКШнын президенти Жорж Буш өзү сунуштап, анан конгресс колдоого алган куткаруу планы майнаптуу болуш үчүн дагы бир аз убакыт өтүш керек экендигин белгиледи. Ошондой эле Евробиримдикке мүчө өлкөлөр да биргелешип финансылык кырдаалды турукташтыруу үчүн эң зарыл чараларды көрүүгө макулдашышты.

XS
SM
MD
LG