Жер титирөөнүн эпицентри, адистер белгилеп жаткандай, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын аймактары Памир тоолорунда кесилишкен жерде болду. Жер силкинүүсүнүн күчүн ошондой эле Кытайдын Синьцзянь-уйгур автоном облусунда, Ооганстанда да сезишти.
Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматы ( U.S. Geological Survey) каттаган маалыматтарга караганда, күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,6 баллды түзгөн жер титирөө Кыргызстандын Сары-Таш кыштагынан 60 чакырымдай чыгышта, Тажикстандын Каракул деген жеринен 50 чакырымдай чыгышта, жергиликтүү убакыт боюнча жекшембиде, саат 23:00гө бир аз жетпей орун алган.
Мындан бир нече минут өтпөй күчү 5,7 баллдык силкинүү Кытайдын Синьцзянь-уйгур автоном облусунда болду. Ал эми Бишкек убактысы боюнча дүйшөмбүдө эртең менен саат 7 жарымга жетпей күчү 5,9 баллдык жер силкинүүсү Ооганстандын борбордук аймагында катталды.
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, аталган аймактарда, анын ичинде өлкөнүн түштүгүндө жер силкинүүлөрү алдыдагы күндөрү да кайталануусу ыктымал. Институттун директору Канатбек Абдырахматов аймактагы сейсмикалык жараяндардын болочогу тууралуу мындай дейт:
-Бизде сейсмикалык жараян, сейсмикалык жараяндын өнүгүшү деген өзүнчө термин бар. Сейсмикалык толкун кайсыл жакка барышы мүмкүн деп азыр иликтөө өткөрүп жатабыз. Өзүбүздүн сейсмостанцияларды жайгаштырып жатабыз. Ал же Ош жакка оошу мүмкүн. Ошондуктан Ош аймагында бир-эки жылдын аралыгында катуу жер титирөө болушу ыктымал деген божомол берип жатабыз. Болбосо Кытай тарапка (сейсмикалык толкун) оошу мүмкүн. Өткөн жылдары Кашгар жакта бир топ катуу жер титирөө болгон.
Жер титирөөдөн курман болгондор үчүн бүгүнкү аза күтүү күнүнө байланыштуу кыргыз президентинин дарегине Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Беларустун президенти Александр Лукашенко көңүл айтуу телеграммаларын жолдоду.
Жер титирөөдөн курман болгондордун жакындарына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да көңүл айтып, кыргыз өкмөтү муктаждыктарды аныктаган соң, АКШ жардам көргөзүү чараларын өкмөт менен макулдашууга кирешерин маалымдады.
ИТАР- ТАСС агенттигинин билдиргенине караганда, Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы бүгүн Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткиргени жатат. Эгер Кыргызстандан өтүнүч түшсө, Казакстан да жардам көргөзүүгө даяр экенин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна бул өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин өкүлү Элдар Раимбеков кабарлады:
-Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлери Кыргызстанда өткөн соңку жыйынында табихый жана техногендик кырсыктар учурунда бири-бирине жардам көргөзүнү талкуулашкан. Эгер талап кылынса, биздин куткаруучулар, дарыгерлер жер титирөөдөн жапа чеккен аймакка барып, жардам көргөзүүгө даяр.
Гуманитардык жардам көргөзүүнү Тажикстан да убада кылууда. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин маалымат департаментинин башчысы Музаффар Усманов "Азаттыктын" тажик кызматына буларды айтты:
-Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр ортосунда өзгөчө кырдаалдар боюнча кол коюлган келишимге ылайык, биз Кыргызстандын жабыр тарткан адамдарына тикелей жардам көргөзөбүз. Ушу тапта өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин жетекчилиги Кыргызстандагы абалды талкуулап, жардамга жоопкер адамдары дайындоодо. Биз колдон келгендин баарын жасайбыз.
Бул аралыкта Кытайдын расмий маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Тибет чөлкөмүндөгү кечээги жер силкинүүсүнөн кеминде 9 адам каза тапты. Мурдараак алардын саны 30дун тегерегинде экени айтылган. Күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,6 баллды түзгөн жер силкинүүсүнүн очогу Тибеттин башкааласы Лхасадан 80 чакырымдай батыш тарапта болду.