Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

БӨБӨКТӨРДҮН “КЕРЕМЕТ КӨЧ” КӨРСӨТҮҮСҮНҮН УБАКТЫСЫ УЗАРДЫ


“Керемет көч” долбоору 2006-жылдын ноябрынан тарта ишке киришип, өлкөнүн бардык дубандарында көрсөтүлө баштаган. Ар күнү кечинде көпчүлүк бөбөктөр мультфильмдин каармандары Актан жана Акылай менен “Ден соолук”, “Билим”, “Көркөм өнөр”, “Устакердин” өлкөсүнө саякатка чыгышып, кызыккан суроолоруна жооп алышып, аны менен бирге кыргызчага которулган мультфильмге күбө болушуп келген. Бирок мунун баары 5 мүнөткө гана камтылган. Долбоордун авторлору жаш балдардын кызыгуусу артканын эске алышып, жана мазмунун тереңдетүү максатында эми мындан ары 15 мүнөткө узартууну туура көрүшкөн.

ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү, долбоордун координатору Фархат Имамбакиев “Керемет көч” долбоорунун келерки чыгарылыштарынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

-Долбоордун буга чейинки программаларында сюжеттин каармандары ар кандай маселерге кабылышып, ага чоң адамдардан жооп издешер эле. Келерки чыгарылыштарында болсо алардын колунда сыйкырдуу буюму болот. Ал мисалы сыйкырдуу таяк же сыйкырдуу сыналгы болушу мүмкүн.

Бул жаңы долбоордон балдар мурдагыдай эле кызыккан суроолоруна жооп алышып, туура тамактанууну, тазалыкты сактоону, сыртта өзүн алып жүрүүнү, ошондой эле алфавит менен таанышып, сүрөт тартканды, санаганды үйрөнүшөт. Бул долбоор балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, мектепке даярдайт деген пикирин №67 мектептин башталгыч класстарынын окутуучусу Зина Кожоназарова билдирди.

-Программада балдарга кызыгууну туудурган жакшы темалар берилет. Балдар да бул берүүнү күтүп калышат. “Керемет көч” программасы бүгүн саат мынчада болот, кечээ бул теманы өткөнбүз, бүгүн кандай тема болот болду экен деп суроо сала башташат.

“Керемет көч” долбоорунун чыгармачыл тобу ошондой эле келечекте психологдор менен иш алып барып, программада мектепке балдарды даярдоодо зарыл болгон нерселерди чагылдырууну ниеттенүүдө. Аны менен бирге тажрыйбалуу сүрөтчүлөр, акын-композиторлор менен кызматташып, алардын да балдарга ылайыктуу чыгармаларын тартуулашмакчы.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө ошондой эле балдар кат жолдошуп, суроо-талаптарын айтышса болот. Ал каттын жооптору “Керемет көч” программасынын келерки көрсөтүүлөрүндө узатылат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG