Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

16:38 Жалалабатта шайлоо учурундагы олуттуу мыйзам бузуулар боюнча бейөкмөт уюмдар коалициясы шаардык сотко кайрылды


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын облустагы бөлүмүнүн сотко кайрылуусуна Жалалабат шаарындагы бир нече участкалык шайлоо комиссияларындагы олуттуу мыйзам бузуулар себеп болду.14-шайлоо участкасындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ашыкча бюллетендерди өздөрү таштап, байкоочуларга да калган бюлеттендерди үкөккө салууга беришкен. 5-шайлоо участогунун мүчөлөрү да Шайлоо Кодексине дал келбеген тартип бузууларды жасаган. Мындай маалымат коалициянын облустагы өкүлү Чолпон Эргешовадан алынды. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Раимбек Султанов жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоодо мыйзам бузуулар болбогондугун, коалиция менен талапкерлерден түшкөн үч арыз негизсиз экендигин, бирок аларга орой мамиле жасаган шайлоокомдордун башчылары эскертүү алганын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG