Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

16:45 Депутат Р. Шаботоев менен Б. Амиржановду издеп табууда күч уюмдарынын аракети социал-демократтарды алымсындырбайт


24-сентябрдан бери дайыны жок болуп жаткан Бактыяр Амиржановдун тагдырына тынчсызданган Социал-демократтардын өкүлдөрү бүгүн областтык бийликтин алдында бир саат турушту. Алар СДПдан шайланган депутат Руслан Шаботоевдин жоголгондугуна да кабатыр болушуп, аларды издеп-табууда күч уюмдарынын ишине канааттанбай тургандыктарын билдиришти. Партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков губернатор алардын өкүлдөрүн адегенде кабыл албоого аракет кылганын, коомчулуктун тынчсыздануусун президентке маалымдай турганын жана издөөнү күчөтүүнү сунуш кылганын айтты. Жоголгон эки адамды табуу талабы жазылган, миңден ашык кишинин колу коюлган кайрылуу президентке, өкмөткө, Жогорку Кенешке жиберилди.(YA)

XS
SM
MD
LG