Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИС ТЕРЕҢДӨӨДӨ


Финансылык кризис Атлантиканын эки тарабын тең каптады. Өкмөттөр биржа, банктарды жана жалпы элди кризистен чыгуу жолдору табылат деп ишендирүүгө аракеттенип жатышат. Евромейкиндикке кирген 15 өлкөнүн каржы министрлери экинчи күн катары менен жыйын өткөрүшүүдө. Вашингтон болсо 700 миллиарддык пландан кийинки кадамдарды караштырып жаткан кез.

Өткөн дүйшөмбүдө АКШнын Өкүлдөр палатасы финансылык рынокту куткаруу боюнча 700 миллиарддык планды колдобой койгондо биржалардагы көрсөткүчтөр кыйла ылдыйлап кеткен эле. Апта соңунда палата бир аз өзгөртүлгөн долбоорду жактырды. Бирок биржалардагы кырдаал оңолгон жок.

Дүйшөмбүдө АКШнын Dow Jones индекси 800 пунктка төмөндөп, кийин бир аз көтөрүлдү. Москва менен Париждин биржаларында рекорддук төмөндөө катталды.
7-октябрда да бул тенденция уланды. Россиянын биржаларындагы соода болсо улам токтотулуп жатат.

Кечээ (6-октябрда) президент Жорж Буш элди сабырдуулукка чакырды:

- Финансылык системага болгон ишенимди калыбына келтирүү үчүн убакыт керек. Бирок бир нерседен күмөн санабаш керек – мен кол койгон мыйзам проблеманы чечүү багытындагы ири кадам болду.

Жорж Вашингтон университетинин профессору Роберт Данн дагы азыркы жагдайда ишеним абдан маанилүү деп эсептейт:

- Банктар психологиялык соккуга туш болгондой, куткаруу планынан кийин деле чочулап жатышат. Кризиске кептелбеген дүкөн, башка ишканалар кредит ала албай же мурдагыдан аз кредит алып калганына даттанышууда. Банктардын көбү өтө этият болуп калгандай.

Европалыктар болсо Еврошаркеттин кризисти жөндөө боюнча биргелешкен механизми жок деп кооптонушат. Азырынча биримдикке мүчө мамлекеттер кыйынчылыктарга туш болгон банктардын проблемаларын өз алдынча чечүүдө. Бир катар экономисттер бул өз кезегинде ири проблемаларга алып келши ыктымал деп эскертишет. Алардын бири шаркеттин экономика жана валюта саясаты боюнча комиссары Хоакин Алмуния:

- Бир тараптуу кадамдардын терс кесепеттерин алдын алуу зарыл. Андай кадамдар мүчө өлкөлөрдүн айрымдары үчүн кыйынчылык жаратты, биз ушундай тобокелдикке чекит коюууга тийишпиз.

Бул тууралуу комиссар Евромейкиндикке кирген 15 өлкөнүн финансы министрлери өткөрүп жаткан жыйында айтты.

Бирдиктүү стратегия иштеп чыгуу керектиги Германия жарандардын жеке аманаттарына кепилдик берүү чечимин жарыялагандан кийин айкын болуп калды. Анын алдында немис өкмөтү өлкөнүн ири банктарынын бирин банкроттуктан сактап калуу үчүн каражат бөлүп жатканын билдирген. Бул - биримдиктин андай кепилдик бере албасына көзү жеткен башка өлкөлөрүндө кооптонууларды пайда кылды.

Шейшембиде шаркетке кирбеген европалык өлкө - Исландиянын борбордук банкы Россия кризисти алдын алуу үчүн аларга 4 миллиард евролук карыз сунуш кылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG