Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

НУРАЛЫКТАР ОШКО ЖАКЫНДАП ЖУРТ ЖАҢЫРТУУНУ КААЛАШАТ


Катуу зилзаладан кыйраган Нура айылына барган кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин билдирген маалыматы боюнча кырсыктаган аймакта адам курмандыктарынын саны 75 ке чыкты. Бүгүн президент К. Бакиевдин катышуусу менен апаат болгондордун сөөктөрү жерге жашырылды. Каза тапкандардын отуз экиси бөбөк, он бири мектеп окуучусу, отуз экиси чоң киши.

Ал эми жалпысынан жер титирөөдөн 142 адам жабырлангандыгы аныкталды. Аны токсон экиси бала, отуз алтысы чоң киши. 14 адамдын ахыбалы оор бойдон. Баардыгы кечээ тик учак менен Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Президент К. Бакиев казап тапкандардын тажиясына катышкандан кийин эле кайра Бишкекке учуп кетти. Президент тажия учурунда элге көңүл айтып, аларга камсана болбогула, мамлекет тарабынан бардык чаралар көрүлөт деди. Ошондой эле ар бир кыйраган үйгө, үй-бүлөгө 200 миң сомдон акча, президенттин фондусунан эки миллион сом, премьер-министрдин фондунан эки миллион сом ажыратылгандыгын маалымдады.

Кабарчыбыздын айтымында, жабырлануучуларды, айрыкча аялдар менен жаш балдарды Алай районунун борбору Гүлчөгө көчүрүү маселеси дээрлик чечилип калды. Ал эми жергиликтүү элдин пикирине караганда, алар Ош шаарына жакын жерден жер сурашууда, башка жактарга көчүп баргылары келбейт.

Бул жөнүндө айыл башы Мухамбет Бапанов “Азаттыкка” берген интервьюсунда баса белгилеп айтыптыр.

Нура айылында жабыр тарткандар атайын тигилген чатырчаларда жашап жатышат. Чатырлар жылытылбагандыктан айрым жабыркагандар таң аткыча тоңуп чыкканын айтышкан. Ал эми жаш балдардын көбү жакын жердеги чек ара, бажы бекеттеринин имараттарында жатышты. Алардын айтымына караганда, азырынча тамак-ашы кудайга шүгүр эле.

Зиззаладан жабыркагандарга Ош шаарынан жана башка райондордон жардамдар келип түшүүдө. Азык-түлүк, көмүр жеткирилди. Президент К. Бакиев Нура айылына Түркмөнстандан ири өлчөмдөгү жардам келерин да айтыптыр.

Нуралыктарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, бирок катуу жер титирөөдөн эси чыгып калган элге психологиялык жардам зарыл болуп турган чагы. Кырсык баскан аймакта дарыгерлерди саламаттык сактоо министри Мамбетов өзү баштап жүрөт.

“Нура айылы Сары -Таштан ары 45 чакырым. Жол жаман болгондуктан, мурун бир саатта барышчу экен, азыр эки жарым - үч саатта зорго жетишет. 5-октябрь түнү жер титирегенде буларга биринчилерден болуп бажычылар менен чек арачылар келип көп адамдарды куткарып калганга жардамдашыптыр. Аларга эл ыраазчылыгын билдирип атышат”,-деди Алишер Токсонбаев.

Соңку маалыматка караганда, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев нуралыктарга жер участогун бөлүп берүү боюнча маселе чечилди деп билдирген. Анын айтымында, Кара-Суу районундагы Кайрагач айылынан жер бериле турган болду, бирок эл менен кеңешип көрүү керек. Нура айылынын башчысы Бопоновдун айтымында, эл мындай сунушка көнбөй коюшу мүмкүн. Алар Ош шаарына жакын аймактан жер сурап жатышат. Ошол эле учурда Нурадан кеткиси келбей жаткандар да бар. (Bus)

Сүрөттө: Кырсык баскан Нура айылы. Слуцкая-Романованын сүрөтү.

XS
SM
MD
LG