Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

07:15 “Жаңы Кыргызстан” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону кескин сынга алды


Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Марат Кайыпов башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын саясый кеңешинин кечээ жыйыны өтүп, анда шайлоонун жыйынтыгы талкууланды. Анда саясый кеңештин мүчөлөрү депутаттардын аттары шайлоого чейин эле белгилүү болгон, добуш берүү өнөктүгүндө мыйзам бузуулар орун алган деген бүтүмгө келишти. Ошондой “Жаңы Кыргызстан” партиясы эгерде республикада жалпы абал өзгөрбөй, коррупция гүлдөй берсе , ноябрь айынын аяк ченинде өлкө боюнча саясый акция өткөрүү чечимин кабыл алынды. Маалыматтарга караганда, жыйында партиянын баш катчысы болуп Коопсуздук кеңешинин катчысы И.Исаков, ал эми мурунку Юстиция министри Марат Кайыпов анын орун басары болуп шайланды.(MSu)

XS
SM
MD
LG