Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

АЛАЙДАГЫ АПААТ КҮН (Сүрөт баян)


Катуу зилзаладан кыйраган Нура айылында соңку маалымат боюнча адам курмандыктарынын саны 75 ке чыкты. 7-октябрда президент К. Бакиевдин катышуусу менен апаат болгондордун сөөктөрү жерге жашырылды. Каза тапкандардын отуз экиси бөбөк, он бири мектеп окуучусу, отуз экиси чоң киши.







Зилзаланын очогу Алай районунун Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Нура айылында 124 үй толугу менен кыйраган.







Нура айылында жабыр тарткандар атайын тигилген чатырчаларда жашап жатышат. Чатырлар жылытылбагандыктан айрым жабыркагандар таң аткыча тоңуп чыкканын айтышкан. Ал эми жаш балдардын көбү жакын жердеги чек ара, бажы бекеттеринин имараттарында жатышты. Алардын айтымына караганда, азырынча тамак-ашы кудайга шүгүр эле.





Зилзаладан жабыркагандарга Ош шаарынан жана башка райондордон жардамдар келип түшүүдө. Азык-түлүк, көмүр жеткирилди. Президент К. Бакиев Нура айылына Түркмөнстандан ири өлчөмдөгү жардам келерин да айтыптыр.





Президент К. Бакиев казап тапкандардын тажиясына катышып, элге көңүл айтып, аларга камсана болбогула, мамлекет тарабынан бардык чаралар көрүлөт деди. Ошондой эле ар бир кыйраган үйгө, үй-бүлөгө 200 миң сомдон акча, президенттин фондусунан эки миллион сом, премьер-министрдин фондунан эки миллион сом ажыратылгандыгын маалымдады.



Сүрөт баянды уюштурган Алишер Токсонбаев,
Ош-Нура-Ош

XS
SM
MD
LG