- Кечээ «Жаңы Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоо кескин сынга алынып, анда бийликтин аракеттери сынга алынган экен. Сиз деле тааныш болсонуз керек. Буга карата сиздин көз карашыңыз кандай болуп атат?
- Шайлоо бул талаш нерсе. Мен бир дагы мамлекетти айта албайм, кандай мамлекет бар дүйнө жүзүндө шайлоо кыйкырык-чуусуз өткөн? Ал эмес Американы деле көрбөдүкпү, эки кандидаттын ортосунда кандай пикир сайыш болгон. Бул албетте оңой менен өз жолуна келбейт. Бул үчүн жаңы система, шайлоону колдой турган элдин маданияты керек. 17 жылдын ичинде бир нече шайлоону өткөрүп атабыз. Качан болбосун баардыгы сын-доомат, ачуу пикирлер да болуп атат. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" ж.б. болуп атпайбы. Ошон үчүн бул маселени чечиш керек. Ошон үчүн жаңы закондорду алып атабыз, оңдоп атабыз жана башка жумуштарды жүргүзүп атабыз шайлоонун процессин өтө таза, ачык жасаш максатында.
- «Азаттык» радиосунун эртең менен түз ободо берген маегинде «Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү, мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков азыркы бийликтин, өкмөттүн аракеттерин кескин сынга алды да. Бул багытта кандайдыр бир акцияларды уюштуруп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылабыз деп билдирүү жасады. Саясий чөйрөдө көп айтып атышат, президенттин командасынан ырк кетти, өз ара карама-каршылыктар жүрүп жатат деп. Сиз кандай карайсыз бул маселеге?
- Эми мунун баардыгы кайра эле кыргызча болуп атат да. Бийликте болсо бардыгы жакшы, дурус, бийликтен чийип койсо эле бардыгы жаман деп чыгышат. Ошол кыргызчылыктан алысыраак болсок. Бул адамдарды мен сындабай эле коеюн. Булар 17 жылдын ичинде, андан бери бийликте эле жүрбөйбү. Исмаил Исаков азыр деле бийликте жүрбөйбү. Эми дагы эмне керек өзгөртүү жасаш үчүн. Өз мезгилинде “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнүн баары бийликте отурбады беле. Өз мезгилинде эки жыл отурду. Эмне ошондо өнүгүү, өзгөртүү, кризистен чыгып кеткенге салым коштубу? Маселе өтө азыр кыйын. Буларды алмаштырып анын ордуна биз келсек, бардыгы өнүгөт, бардыгы жаркырайт деген ойдон алыс болушубуз керек. Андайга ишенбейм.
- Мындан тышкары сиз жергиликтүү маалымат каражаттарынан бирөөнө берген интервьюңузда “Жаңы Кыргызстандын” лидерлери болуп эсептелген, учурда мамлекеттик кызматта иштеген Исмаил Исаков менен мамлекеттик кеңешчи Үсөн Сыдыков өзүлөрүнүн кызматтарын таштап кетиш керек деген бир пикирди айткан экенсиз. Ушуну канчалык негиздеп бераласыз?
- Мамлекеттик кызматтын этикасы ошондой талап коет. Сен бийликте болсоң, бийликтин ишине макул болбосоң анда отставкага кетип, эмне кылсаң кыла бер. Марат Кайыпов сын пикир айтып койсо анын укугу бар. А башкалардын колунда бийлик бар, бирөө президенттин кеңешчиси болуп иштейт, экинчиси болсо эң чоң кызматты ээлеп атат Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп. Эгерде такыр бир ойго келбесеңер, анда отставкага кеткиле, сындай бергиле. Бул ошондо этикага туура келет, туптуура түшүнүлөт. Ал эми бийликте отуруп алып сындай берсе анда бийликтин эмне кереги бар.
- Маегиңизге ырахмат.