Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

18:30 Дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамды "Ак жол" фракциясы жактырды


Бүгүн “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракциясы “Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окулушунда жактырып, сессияга сунуш кылды. Фракция долбоорду биринчи жолу 24-сентябрда карап, кошумча иштөө үчүн палатага жиберген. Аталган долбоордо негизги талашты диний уюмдарды каттоо тартиби жаратууда. Долбоордо азыр иштеп жаткан мыйзамдагыдай диний уюмдарды 10 киши эмес 200 киши гана түзө алат деп көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоорун Зайнидин Курманов, Рашид Тагаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыгышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG