Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК КРИЗИСИ КҮЧ АЛДЫБЫ?


7-октябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин кеңешчиси башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы жыйын куруп, анда жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуу менен өттү жана мамлекеттик бийлик системасын өзгөртүү зарыл деген бүтүмгө келди. Саясат талдоочулар мамлекеттик бийликте турган кызматкерлердин минтип бийлик системасын өзгөртүүгө багыт алышын Кыргызстандын башкаруу чөйрөсүндөгү кризистин күзгүсү деп баалап жатышат.

Кыргызстандагы саясий кырдаалдын күчөшүнө учкун чачкан жергиликтүү кеңештерге шайлоонун акыркы жыйынтыгын БШК али жарыялай элек. Ага карабастан укук коргоочулар гана эмес курамында бийлик өкүлдөрү бар “Жаңы Кыргызстан” партиясы да шайлоонун жыйынтыгын сот аркылуу жокко чыгарууга бет алды. Партиянын башкы катчысы жана Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковдун баамында, шайлоодогу мыйзам бузуулар бийликке элдин ишеними кеткендигин далилдеп, башкарууну өзгөртүү талабын жаратты:

-Бул система толугу менен элдин турмушун алга сүрөп чыга албаганы айкын көрүнүп калды. Себеп дегенде өкмөт менен президенттин аппараты бири-бири менен каршы болуп, тоскоолдук кылып жатат.

Партия мындан тышкары өлкөдөгү жалпы кырдаал оорлоп, коррупция күчөп кеткендигинен улам өкмөттү кетирип, айрым мүчөлөрүн жоопко тартуу талабын коюп, өкмөттү түзүү укугу берилген “Ак жол” партиясы абалды жөнгө сала албаса “Жаңы Кыргызстан” партиясы ага жарамдуу экендигин жар салды.

Кыргызстанда 2005-жылы бийлик алмашуусуна салымы бар бул партиянын мындай катуу талап менен чыгышы мамлекеттик жогорку бийликтеги кризистин күбөсү, дейт экс-премьер-министр Алмаз Атамбаев:

- Бул азыркы бийликтин кризисинин дагы бир далили. Бирок менимче кеп өкмөттө же өкмөттүн мүчөлөрүндө эмес. Азыр өкмөттү алмаштырганда деле эч нерсе өзгөрбөйт. Кеп системада. Өткон жылкы референдум, парламенттик шайлоодон кийин кайра эле үй-бүлөлүк башкаруу системасына келдик. Системаны өзгөртмөйүн Кыргызстандын экономикасы болобу, саясаты болобу эч нерсе өзгөрбөйт жана оңолбойт.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо бийликте туруп, системаны өзгөртүүнү сунуштоо бийлик башында тургандарга ишенбестикти туюндурат, бирок Кыргызстандын келечеги үчүн алардын демилгесин башка саясий күчтөр колдоосу зарыл дейт:

- Кыргыз жерибизди, элибизди сактап калалы десек амбицияларды чөнтөккө салып, башыбызды кошуп, келечектеги жолубузду тактап, ошол жолго чыгышыбыз керек. Андан башка жол жок.

Ал эми көптөн бери “Жаңы Кыргызстандын” билдирүүсүнө үндөш көз карашта жүргөн “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов сөз ишке ашса гана демилгени колдосо болот деген ойдо:

-“Жаңы Кыргызстан” мурда “Ак жол” партиясынын ичине кирип, эми кайра чыгып өз саясий багытын өзгөртүп жатат. Бирок иш жүзүндө сөздү кандай ишке ашыраарын убакыт көрсөтөт. Ошон үчүн бийликте туруп мындан ары бийликти өзгөртө алабыз дегени түшүнүксүз.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсү боюнча президенттин администрациясы азырынча пикирин айта элек. Администрациянын атын атагысы келбеген кызматкеринин билдирүүсүнө караганда, КМШ мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүү, Алайдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу менен алектенип жаткан чакта бийликтин андай сындарга көңүл бөлүүгө чамасы жете элек.

Анткен менен Жогорку Кеңештеги бийликчил “Ак жол” партиясынын өкүлү Зайнидин Курманов билдирүүнү жеке кызыкчылыкты көздөгөн жеңил ой деп баалады:

- Бул партиянын мүчөлөрү өз мезгилинде бийликте көп жыл отурушту эле. Эмне үчүн ошол кезде бул проблемаларды көтөргөн жок. Азыр маселе туура эмес коюлуп жатат. Маселен, Исмаил Исаков эгемендүү мамлекет болгондон баштап бийликте жүрөт. Азыр эмне жетишпейт? Ошон үчүн аксакалдарыбыз таарынышпасын, алар өз миссиясын аткарышты эми жаштарга жол бериш керек.

Ал эми экс-премьер министр Амангелди Муралиевдин баамында, партиянын демилге-сунушунан майнап чыкпайт, себеби, “Жаңы Кыргызстан” партиясын азыркы президентти бийликке алып келген жана мамлекет кызыкчылыгынан регионалдык кызыкчылыкты жогору койгон адамдар жетектеп турат:

-Чоң оюн башталды, бул чоң интрига. Эмне үчүн дегенде азыркы абалдан элдин көңүлүн башка жакка буруу керек болуп жатат. Азыр ахыбал начар, энергетика кризиси, азык-түлүк кризиси болуп жатат. Ушул кризистердин баарын жараткан бийлик кризиси болуп жатпайбы. А бийликти сактап калыш керек да! Булар эми бир командада жүргөн оюнчулар десе болот.

XS
SM
MD
LG