Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

18:34 Нарындагы коомдук уюмдар шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда


Нарын шаарындагы «Биримдик» коомдук бирикмеси Нарын облустук, шаардык шайлоо комиссияларга, Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнө кайрылышты. Анда коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана депутаттыкка талапкерлердин тобунан Нарын шаарындагы шайлоо комиссия курамы туура тандалбагандыгы боюнча 23-сентябрда эле билдирүү берилгендиги айтылат. «Ошондуктан өткөн шайлоолор мыйзамга каршы келген тартип бузуулар менен жүргүзүлгөндүктөн Нарын шаары боюнча кайра шайлоо өткөрүүңүздөрдү талап кылабыз», - дейт «Биримдик» коомдук бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев. Ал ошондой эле Президент Курманбек Бакиевге БШК курамында таза адамдардын болушун каалаган даттануу-арызды да жолдошкондугун билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG