Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

18:35 Кадамжайда бала бакчанын кароолчусу 9 жаштагы эки кызды зордуктоого аракет жасады деп айыпталууда


Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады. Маалымдоодо Кадамжайдагы бир бала бакчасынын кароолчусунун үстүнөн 4-класстын эки окуучу кызын зордуктоого аракет жасаган деген арыз түшкөн. Шектүү киши кармалып, учурда анын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы Абдыжапар Назарбаевдин акыркы маалыматына ылайык, убактынча кармалуучу жайда сурак берип жаткан шектүү кароолчу күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алган. (SA)

XS
SM
MD
LG