Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

18:37 Зилзаладан жабыркагандарга Жалал-Абат облусунун алгачкы жардамы жөнөтүлдү


Бүгүн облустун шаар-райондорунан жыйналган автокербен жер титирөөдөн жабыркаган Алай районунун Нура айылына жөнөп кетти. Унаа кербенине жалпы баасы 13 миллион сомдук азык-түлүк, жылуу кийим-кечек, төшөнчү жууркан, көмүр жана күйүүчү майлар жүктөлгөн. Дагы кандай жардам керектиги жапа чеккендерден суралып-такталгандан кийин жардамдын кийинки бөлүгү топтолушу мүмкүн. Зилзаладан жабыр тарткандарга облустун казыналык кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын беришти. Ага кошумча кошкон «Ак жол» партиясынын облустук өкүлчүлүгү жарандар арасында каражат топтоп, алайлыктарга көмөк көрсөтө турган болду. Мындай маалымат облустук бийликтин басма сөз кызматынан алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG