Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

НУРАЛЫКТАР: КӨЗ-АЧЫП ЖУМГАНЧА ЭЛЕ АСТЫН-ҮСТҮН БОЛУП КЕТТИ


Жанарбек Акаев, Ош Алай районунун Нура айылындагы зилзаладан көз жумган 75 айыл тургуну кечээ жерге берилди. Жабыр тарткандардын жана каза болгондордун басымдуу бөлүгү – жаштар. Жалпысынан учурда Ош облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан 142 адамдын 92си, ал эми каза болгондордун 43ү жаш балдар экени аныкталды.

Алай районундагы Нура айылы 5-октябрдагы катуу зилзалада толугу менен кыйрады. Бейкапар жашоосун өткөрүп жаткан мемиреген айыл үч күндөн бери ботодой боздогон энелердин, апалап чаңырган жаш тестиерлердин көз жашына толду.

Кырсыктан аман калган үч уулдун атасы Мамасали Абдраманов беш гана секунданын ичинде айыл бозала туманга айланганын эскерди.

- Айыл текши кыйрады. Мынакей, мектебибиз, анан ооруканабыз гана кулаган жок. Саат 22:00гө жакын жер титиреп баштады.

Азаттык: - Ошол учурда сиз өзүңүз кайда элеңиз?

- Анда мен шайлоодо байкоочу болуп жүргөм. Тез аранын ичинде эле дүр-р этип, үстүгө бир көтөрүп туруп, үч жолу толкундады. Биз баарыбыз качып чыксак, эшикте эч нерсе көрүнбөй калыптыр, туман, чаң...

Учурда Мамасали мырзанын үй-жайы, там-ташы толугу менен урап түшкөн. Ал беш жаштагы кызын куткарып калганына кудайга кайра-кайра шүгүрчүлүк келтирип жатты.

- Мен элдерге жардам берип, эки сааттан кийин үйгө бардым. Барсам кызым «Ата, мен кысылып калдым, дем алалбай жатам!» деп кыйкырып жатыптыр. Келинчегим, кошуналарым болуп араң куткарып калдык. Ошол түнү тирик калгандарды да, набыт болгондоду да сууруп чыга алдык.

Ал эми кулаган үйүнөн качып чыгууга үлгүргөн 8-класстын окуучусу Өскөнбек менен иниси Үмүт учурда атайын тигилген чатырчаларда баш калкалап жатышат. Жетелешкен эки бир тууган эми кышта кантебиз деп кооптонуп турушат.

Азаттык: - Жер силкинген учурда силер кайда элеңер?

- Үйдө болчубуз. Эми эле жаткан элек. Жер силкинип, бизди үйдүн каарысы басып кала жаздап, кичине тешиктен араң качып чыктык. Ата-энелерибиз да араң чыгышты. Анан тууган уругубуз менен талаада жаттык.

Азаттык: - Үшүгөн жоксуңарбы?

- Аябай үшүдүк. Жылаңайлак калдык. Титиреп, тоңуп калдык. Айрым досторубуз аман калышыптыр, каза болуп калгандары да бар. Классташтарыбыздын арасынан да көз жумгандар болушуптур.

Азаттык: - Тигилген чатырчаларда отурасыңар, бул жерден үшүбөдүңөрбү, жакшы эле бекен?

- Бул жерге азыр эле келдик. Жакшы эле экен. Бирок кыш келсе кантебиз деп ойлонуп жатабыз. Бул жердегилердин баары кар жааса кантебиз деп коркуп жатышат.

Нура айылында үй-бүлөсү толугу менен аман калгандар аз санда. Ырыс Токтобаева да бала-чакасы менен аман калыптыр. Ырыс эже айыл четинде төшөнчүлөргө оронуп, суукка тоңуп, таң атырды.

- Үйлөр көчө баштаганда, кичине тешиктен жөрмөлөп чыгып кетип, жаныбыз аман калды. Талаада таң атырдык.

Кечээ өлкө башчысынын катышуусунда маркумдар акыркы сапарга узатылды. Президент “жабыр тарткандарды мамлекет кароосуз калтырбайт” деп ишендирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев болсо, айыл тургундарына өкмөт бардык керектүү шарттарды түзүп бергенин айтты:

- Бул айылда кулабай калган бир дагы үй жок. Аман калгандарга камкордук көрүлүп, 100гө жакын чатырчалар тигилди. Төшөк-көрпөлөр, матрацтар, баары коюлду. Тигилген чатырчаларга 500 чукул адам батат. Эл талаада, же суукта калбайт.

Ошентип Оштон 270 километр алыстыкта жайгашкан Нура айылында жалпы 950 адам жашаса, зилзалада анын 75нин өмүрү кыйылып, 142 айыл тургуну ооруканада дарыланып жатышат.

XS
SM
MD
LG