Украин президенти Виктор Ющенко өлкө парламентинин (Жогорку Раданын) алтынчы чакырылыштагы курамы таркатылганы тууралуу бүгүн кечинде (Бишкек убактысы боюнча бейшембиге караган түнкү 12:00де) калайыкка жасаган сыналгы кайрылуусунда жарыялады. Мунун алдында парламенттик айрым партия лидерлери жаңы коалициялык өкмөт түзүү боюнча макулдашууга жетүүнү көздөгөн жыйын өткөргөн эле.
Украинанын өкмөттүк коалициясы, андан президент Ющенконун партиясы чыгып кеткендиктен, өткөн айда ыдыраган. Буга коалиция боюнча анын өнөктөшү, премьер-министр Юлия Тимошенконун партиясынын президенттин ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамды кабыл алуу үчүн парламенттеги орусиячыл оппозиция менен бириккендиги себеп болгон эле. Эми Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өтөт. Ющенко менен Тимошенконун партиялары 2004-жылы бирдиктүү күч болуп чыгып, “саргылт ыңкылаптын” жеңишин жана Ющенконун президенттикке келишин камсыз кылышкан. Бирок андан бери эки саясатчынын жана алардын блокторунун өз ара мамилелери улам жаңы тар жол, тайгак кечүүгө кабылып келди.